Бишкек, 26.12.25. /Кабар/. "Майлуу-Суу" лампа заводуна баштапкы капитал катары 1 млрд сом берилди. Бул тууралуу президент Садыр Жапаров IV Элдик курултайдын жүрүшүндө билдирди.
Буга чейин Майлуу-Суу шаарынан келген делегат Абдулахап Нуралиев 61 жылдан бери иштеп келе жаткан аталган завод учурда туруктуу иштебей, калктын ишеними азайганын айткан.
Курултайда отурган министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев алгач бюджеттик насыя катары берилген 1 млрд сом жакында өткөн отурумда бул каражат баштапкы капитал катары берилмей болгонун белгиледи.
"Мына кайтарымы жок капитал катары 1 млрд сом бердик. Каражат заводду жандандырып, андан ары өнүктүрүү максатында берилди. 1 млрд сом менен заводдун иши жанданып, иштеп кетет деп ойлойбуз", - деди президент.