Махабат Тажибек кызы эч жакка кетпөө тил катынын негизинде бошотулду

Укук тартиби 23 март 2026 14:51
Махабат Тажибек кызы эч жакка кетпөө тил катынын негизинде бошотулду

Аида Тургунбек кызы

Бардык материалдар

Бишкек, 23.03.26. /Кабар/. Айыпталуучу Махабат Тажибек кызы тил каттын негизинде сот залынан бошотулду. Бул тууралуу Бишкек шаардык сотунан билдиришти.

Маалыматка ылайык, бүгүн Ленин райондук соту айыпталуучу Махабат Тажибек кызына карата бөгөт коюу чарасын өзгөрттү.

"Соттун токтомуна ылайык, буга чейин камакка алуу түрүндө тандалган бөгөт коюу чарасы эч кайда кетпөө жөнүндө тил катка алмаштырылып, айыпталуучу сот залынан бошотулду", — деп айтылат билдирүүдө.

Эскерте кетсек, "Темиров LIVE" жана "Айт, айт десе" долбоорлорунун жетекчиси Махабат Тажибек кызы буга чейин "Массалык башаламандыктар" беренеси боюнча күнөөлүү деп табылып, 6 жылга эркинен ажыратылган болчу.