Маданият жана достук майрамы: Дельфий оюндарынын хронологиясы

Маданият Загрузка... 27 Март 2026 14:20
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
Next
Previous
Next
Previous

Чолпон Жумалиева

Бардык материалдар

Бишкек, 27.03.26. /Кабар/. Бишкекте Шанхай кызматташтык уюмуна мүчө мамлекеттердин I жаштар Дельфий оюндары өттү. Программага сегиз сынактык номинация кирген: фортепиано, сүрөт өнөрү, элдик жана эстрадалык ырдоо, элдик бийлер, диджейлик искусство, элдик аспаптарда ойноо, ошондой эле колдонмо-сүрөт өнөрү.

ШКУнун I жаштар Дельфий оюндарынын ачылышы

24-мартта Т. Сатылганов атындагы Кыргыз улуттук филармониясында ШКУнун I жаштар Дельфий оюндарынын расмий ачылыш аземи өттү.

"Элдик бий" номинациясынын биринчи туру

25-мартта “Сейтек” улуттук балдар жана жаштар борборунда ШКУнун I жаштар Дельфий оюндарынын “Элдик бий” номинациясынын биринчи туру, сынактык көрсөтүүлөрү тартууланды. “Элдик бий” номинациясынын экинчи туру 26-мартта уланды.

"Фортепиано" номинациясынын биринчи туру

25-мартта ШКУнун I жаштар Дельфий оюндарынын алкагында “Фортепиано” номинациясынын биринчи туру аяктады. Бул сынак маданий диалогдун чыныгы аянтчасына айланып, жаш музыканттар жогорку деңгээлдеги аткаруучулук чеберчиликтерин көрсөтө алышты. ШКУнун Биринчи Жаштар Дельфий оюндарында “Фортепиано” номинациясы боюнча жеңүүчүлөрү 26-мартта аныкталды.

"Сүрөт искусствосу" номинациясынын биринчи күнү

“Сүрөт искусствосу” номинациясы боюнча конкурс программасынын биринчи күнү чыгармачылык энергияга, идеяларга, шыктандыруучу образдарга толду. Мында ар бир чыгарма сүрөтчүнүн ички дүйнөсүнүн чагылышын, чеберчилигин көрсөтүп турду. Бул номинация боюнча сынак 26-мартта жыйынтыкталды.

"Эстрадалык ырдоо" номинациясынын биринчи туру

Бишкек шаарындагы “Туңгуч” жаштар театрында ШКУнун I жаштар Дельфий оюндарынын алкагында “Эстрадалык ырдоо” номинациясынын биринчи туру өттү. Бул номинациясынын экинчи туру 26-мартта уланды.

"Улуттук аспаптар" сынак программасынын биринчи күнү

“Улуттук аспаптар” боюнча конкурс программасынын биринчи күнү 25-мартта өттү. Мында чыныгы чыгармачылык дем, чеберчилик жана маданий диалогдун айкалышында өзгөчө атмосфера жаралды.

"Көркөм кол өнөрчүлүк" номинациясынын биринчи күнү

25-мартта ШКУнун I жаштар Дельфий оюндарында “Көркөм кол өнөрчүлүк” номинациясы боюнча сынактын биринчи күнү жыйынтыкталды. Аталган номинациясы боюнча жеңүүчүлөр 26-мартта аныкталды.

"Элдик ырдоо" номинациясы боюнча сынактын биринчи күнү

25-мартта ШКУнун I жаштар Дельфий оюндарынын алкагында "Элдик ырдоо" номинациясы боюнча сынак программасынын биринчи күнү өттү. Ал эми аталган номинациясы боюнча сынак 26-мартта аяктады.

"Ди-Джей" номинациясы боюнча сынак

26-мартта Бишкектеги "Ала-Тоо" эс алуу борборунда ШКУнун I жаштар Дельфий оюндарынын негизинде “Ди-Джей” номинациясы боюнча сынак ийгиликтүү өттү.

Дельфий оюндарынын алкагында эл аралык конференция өттү

Бишкек шаарынын мэриясында ШКУнун I жаштар Дельфий оюндарынын алкагында эл аралык конференция өттү. Конференциянын темалары:
- “Дельфий оюндары – жаш таланттарды колдоонун, креативдүү индустрияларды жана окуялык туризмди өнүктүрүүнүн натыйжалуу куралы”;
- ⁠”Медиа-муунда: өлкөлөр менен маданияттарды байланыштырган санарип көпүрөлөр. Заманбап маданий долбоорлордун түзүмүнө жасалма интеллектти интеграциялоо”.

Эскерте кетсек, иш-чара 23-марттан 28-мартка чейин созулуп, Шанхай кызматташтык уюмуна мүчө мамлекеттердин эл аралык делегациялары катышууда. ШКУнун I жаштар Дельфий оюндары жаштар арасындагы эл аралык достукту, шыктанууну жана маданий байланыштарды чыңдоого багытталган маанилүү аянтча болуп саналат.