Бишкек, 14.07.26 /Кабар/. Кыргыз театр искусствосунун 100 жылдыгына карата 2–3-ноябрь күндөрү масштабдуу иш-чаралар өткөрүлөт. Бул тууралуу маданият министри Мирбек Мамбеталиев “Ачык кабинет: жоопкерчилик аймагы” медиадолбоорунун алкагында Т.Абдымомунов атындагы кыргыз драма театрынын жаңы техникаларын көрүүгө барган учурда билдирди.
Министрдин айтымында, юбилейлик иш-чаралардын планы иштелип чыгып, даярдык иштери уланууда.
Белгилей кетсек, Кыргыз мамлекеттик драма театры 1970-жылы пайдаланууга берилген. Мындан үч жыл мурун театрдын имараты капиталдык оңдоодон өткөн.
“Өткөн жылы театрдын үн жана жарык берүүчү жабдуулары жаңыртылды. Азыр үн сапаты да, жарык берүү системасы да кыйла жакшырды. Жарык берүү системасы заманбап пульт аркылуу башкарылат. Мурда бул ишти атайын кызматкерлер кол менен аткарышчу”, — деди Мирбек Мамбеталиев.
Анын белгилешинче, театрлар өзүн-өзү каржылоого да салым кошо аларын белгиледи. Анын маалыматына караганда, мамлекет маданият тармагын колдоого олуттуу каражат бөлүп келет.
“2024-жылдын жыйынтыгы боюнча маданий иш-чаралардан 77 миллион сом киреше түшсө, 2025-жылы бул көрсөткүч 107 миллион сомго жетти. Ал эми быйылкы жылдын биринчи жарымында эле 60 миллион сомго жакын каражат түштү. Бул маданият тармагы киреше алып келе аларын көрсөтүп турат.
Ошондой эле 2023-жылы бул тармакка болжол менен 3 миллиард сом бөлүнсө, 2025-жылы каражаттын көлөмү 7 миллиард сомго жакындаган. Быйыл айлык маяналардын жогорулашын эске алуу менен маданият тармагына бөлүнгөн каражат 10 миллиард сомдон ашты.
Андан сырткары, Кыргыздрама театрынын техникалык жабдууларын жаңылоого Маданият министрлиги тарабынан 30 миллион сомго жакын каражат бөлүнүп, бул каражат толугу менен өздөштүрүлдү”,-деди министр.