Бишкек, 13.02.26 /Кабар/. Мадагаскар өкмөтү өлкө аймагын каптаган “Гезани” циклонунан улам улуттук өзгөчө кырдаал режимин киргизди. Бул тууралуу жергиликтүү Madagascar Tribune басылмасына таянып, ТАСС кабарлады.
Маалыматка ылайык, өзгөчө кырдаал режими бийликке ыкчам чечимдерди кабыл алууга жана куткаруу иштерин натыйжалуу жүргүзүүгө шарт түзөт. Анын алкагында каттамдарга чектөө коюлуп, айрым аймактар жабылып, коменданттык саат киргизилиши мүмкүн. Мадагаскардын мыйзамдарына ылайык, бул режим 15 күнгө чейин күчүндө болуп, зарыл болсо узартылат.
Акыркы маалыматтар боюнча, циклондун кесепетинен 36 адам каза болуп, 374 киши жаракат алган. Ошондой эле 6 адам дайынсыз жоголгон. Табигый кырсык 257 миңден ашуун адамга таасир этсе, 9 миңге жакын тургун үй-жайын таштап кетүүгө мажбур болгон.
Өлкөдөгү экинчи ири калаа жана башкы порт саналган Тумасина баарынан катуу жабыркап, болжол менен 80 пайызы талкаланган. Жалпысынан өлкө боюнча 18 миңге жакын турак жай кыйрап, дагы 37 миң үй жабыркап, 12 миңге чукул имаратты суу каптаган.