Бишкек, 18.12.25. /Кабар/. Беларусь президенти Александр Лукашенко 18-19-декабрда Минскте өтүп жаткан VII Беларусь Элдик жыйынынын экинчи отурумунда беларусь элине жана парламентине кайрылуусунда өлкөдө инвесторлорго коюлган принципиалдуу талапты атады. Бул тууралуу БелТа агенттиги жазады.
"Беларуста инвесторлор үчүн максималдуу ыңгайлуу шарттар түзүлгөн. Болгону бир талап бар, ал принципиалдуу: Беларуста сиздерге иштегендерге татыктуу эмгек акы төлөңүздөр, мыйзамды сактаңыздар жана экономиканы саясатка аралаштырбаңыздар", — деди Александр Лукашенко.