Бишкек, 18.12.25. /Кабар/. Беларусь президенти Александр Лукашенко беларусь элине жана Улуттук жыйынга кайрылуусунда алдыдагы беш жылда туризмдин өлкө экономикасына кошкон салымын кеминде эки эсе көбөйтүү максатын койду, деп билдирет БелТА агенттиги.
Маалыматка ылайык, Александр Лукашенко туризмди экономикалык өсүштүн негизги багыты катары белгиледи.
"Менин оюмча, күчтүү Беларусь туризм брендин түзүүнүн маанисин түшүндүрүү керек эмес. Анткени бул тармак айтпаса деле Беларустун ачык жана меймандос өлкө катары имиджин жайылтуунун күчтүү куралы боло алат", - деди Лукашенко.
Ошондой эле ал туристтер тейлөөнүн жана санариптик колдоонун жоктугуна нааразы болушарын белгиледи. Мында жатакана брондоо, билеттерди сатып алуу, маршруттарды издөө жана экскурсияларга буюртма берүүлөр бар.
"Мындай ыңгайлуулуктун жоктугу потенциалдуу конокторду жоготууга алып келет. Тармактагы бардык чечимдер өкмөттүн сунуштарына негизделген. Толук кандуу улуттук туризм платформасын иштеп чыгууну баштагыла", - деди Беларусь президенти.
Мындан тышкары, Лукашенко жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын кызматкерлерине өзүнчө тапшырмаларды берди.
"Суроо-талаптын кескин өсүшүн эске алуу менен, биз санаторийлердеги бөлмөлөрдүн санын көбөйтүп, жаңы мейманканаларды, айрыкча район борборлорунда курушубуз керек болчу. Эгер муну өзүңөр жасай албасаңар, жеке компанияларды тарткыла", - деген Лукашенко туристтик кызматтарды элчиликтер, дилердик борборлор жана жарнама аркылуу да активдүү жайылтуу керектигин кошумчалады.