Лондондо автобус кырсыкка учурап, 6 адам ооруканага түштү

Дүйнө Загрузка... 19 Февраль 2026 11:15
WhatsApp Image 2026-02-19 at 08.52.11.jpeg
copyright icon WWW

Мээрим Дүйшөналиева

Бардык материалдар

Бишкек, 19.02.26. /Кабар/. Лондондо автобус жол кырсыгына учурап, 6 адам ооруканага түштү. Бул тууралуу The Independent гезити билдиргенин, Известия жазды.

Маалыматка ылайык, Лондондун түштүгүндө эки кабаттуу автобустун кагылышуусунан бир нече адам жаракат алып, алтоо ооруканага жаткырылган.

Кырсык Элефант жана Касл районундагы Ньюингтон Козуэйде болгон. Чакыруу түшкөндө Лондондун тез жардам бригадалар жана санитардык авиацияны камтыган ресурстар тартылган.

Алдын ала маалыматтар боюнча, автобустардын бири Саутуарк Плейхаус театрынын жанына кулаган. Учурда тергөө жүрүп жатканы айтылды.