Дүйнөнүн айрым өлкөлөрүндө бүгүнкү күнгө чейин өлүм жазасы колдонулуп келет. Айрымдар бул чара коомдогу кылмыштуулукту азайтууга жардам берет дешсе, башкалары тескерисинче, адам укугун одоно бузган жана натыйжа бербеген практика катары баалашат. Дал ушул себептен улам өлүм жазасы бүгүнкү күндө дүйнөдөгү эң көп талкууланган жана талаш-тартыш жараткан темалардын бири болуп саналат.
Өлүм жазасы – бул мамлекет тарабынан мыйзам чегинде эң оор кылмыш жасаган адамдын өмүрүн кыюу жолу менен берилүүчү жаза. Ал кылмыштардын ичинен бир нече адамга залал келтирүү же геноцид, балдарга, аялдарга же кары-картаңдарга олуттуу зыян келтирүү же коомго өзгөчө коркунуч туудурган башка дагы иштерге карата колдонулат.
Өлүм жазасынын тарыхы байыркы цивилизациялардан тарта белгилүү. Мисалы, Вавилондогу Хаммурапи мыйзамдарында, Байыркы Египетте жана Грецияда ал оор кылмыштарга карата кеңири колдонулуп келген. Орто кылымдарда ал адилеттик куралы гана болбостон, саясий атаандаштарды жоюу ыкмасы катары да пайдаланылган. Ал эми XIX кылымдан тарта дүйнөдө гуманисттик көз караштар күчөп, өлүм жазасына чектөө коюу жана жоюу аракеттери башталган.

Жалпысынан бүгүнкү күндө 50гө жакын мамлекеттин мыйзамдарында өлүм жазасы сакталып келет, бирок алардын баары эле аны дайыма колдонбойт. Жазанын бул түрү Иран, Ирак, Пакистан, Афганистан, Сауд Аравиясы, Сомали, Йемен, АКШ, Кытай, Түндүк Корея, Египет, Япония, Ботсвана, Сингапур, Судан жана Түштүк Суданда бар.
Ал эми постсоветтик өлкөлөрдүн арасынан жалгыз Беларуста сакталып калган. 1990-2022-жылдар арасында аталган өлкөдө 400 өлүм жазасы аткарылган. Ал эми Азербайжан, Армения, Грузия, Молдова, Тажикстан, Түркмөнстан, Украина, Россия, Казакстан жана Өзбекстанда жазанын бул түрүнө карата мораторий бар же ал өмүр бою же узак мөөнөттүү абак жазасы менен алмаштырылган.
Бириккен Улуттар Уюмунун акыркы маалыматына ылайык, 2023-жылы 16 өлкөдө 1153 өлүм жазасы аткарылган. Бул көрсөткүч өткөн жылга салыштырмалуу 31 пайызга жогорулап, акыркы сегиз жылдагы эң жогорку көрсөткүч болгон. Кытайда өлүм жазасынын статистикасы ачык жарыяланбайт, бирок эксперттер анын санын дүйнөдө эң жогорку катары баалашат.

Ошондой эле уюм акыркы жылдары өлүм жазасын эң көп колдонгон өлкөлөрдүн катарына Иранды, Сауд Аравиясын, Сомалини жана АКШны киргизген.
Улуу Британиядагы Amnesty International укук коргоо уюмунун маалыматына ылайык, 2024-жылы Иран өлкөсү 972 тегерегиндеги адамды өлүм жазасына тартып, анын 30у аялдар болгон.
Ошондой эле өлүм жазасы ар кайсы өлкөлөрдө ар башкача ишке ашырылат. Мисалы, АКШда электр отургучу жана азот менен думуктуруу, Беларусия, Йемен, Түндүк Корея, Кытай, Сомали, Тайванда атууга кетирет, ал эми Афганистан, Ботсвана, Египет, Ирак, Иран, Пакистан, Сингапур, Судан, Түштүк Судан жана Япония өлкөлөрүндө дарга асуу жолун колдонушат.
Бүгүнкү күндө өлүм жазасынын натыйжалуулугу тууралуу карама-каршы пикирлер абдан көп. Айрымдар катаал жаза кылмышкерлерди коркутуп, коомдук коопсуздукту күчөтөт деп эсептешсе, айрымдары кылмыштуулукту азайтууга олуттуу таасир этпейт дешет.
Кыргызстанда өлүм жазасына карата биринчи жолу эки жылдык мораторий 1998-жылдын декабрында киргизилген, андан кийин ал бир нече ирет узартылган. 2006-жылы өлкө Конституциясынын жаңы редакциясында “өлүм жазасы” деген түшүнүк толугу менен алынып салынган. 2007-жылы Кыргызстанда кабыл алынган мыйзамга ылайык, өлүм жазасы өмүр бою абакка кесүү менен алмаштырылган.
“Кыргызстан юристтери” ассоциациясынын мүчөсү, юрист Жанабил Давлетбаевдин айтымында, өлкөдө мыйзамга өлүм жазасын киргизүү көп жылдардан бери талкууланып келет. Ал эми мурунку жана азыркы Конституцияда буга тыюу салынган.
“Дүйнөлүк тажрыйбаны алсак, Европалык адам укуктары конвенциясына (European Convention on Human Rights) ылайык, Европа өлкөлөрүндө өлүм жазасы колдонулбайт. Мунун бир нече себеби бар. Биринчиден, ар бир жазанын максаты жазалоо гана эмес, ошол адамды кайрадан тарбиялоо. Эгер өлүм жазасы киргизилсе, бул максат жок болуп калат. Экинчиден, кайсы гана өлкө болбосун сот системасында кандайдыр бир кемчиликтер болушу мүмкүн. Ошол себептен жазанын бул түрү акырындык жана этияттык менен киргизилиши зарыл. Мисалы, кылмышты бир нече адамга каршы жасоо, же геноцид, балдарга, аялдарга же кары-картаңдарга карата жасоо, олуттуу зыян жана оордотуучу жагдайлары менен болгон кылмыштарга гана киргизилбесе, баарына киргизүүнүн кажети жок деп эсептейм.
Биздин өлкөдөгү өмүр бою эркинен ажыратуу жазасы деле оор жазалардын катарына кирет. Жогоруда айтып кеткенимдей, мында тарбиялоо максаты дагы каралган болот. Ал эми өлүм жазасынын киргизилиши кайсы бир кылмыштарды ооздуктоого түрткү болушу мүмкүн. Бирок, ошол эле учурда этияттык менен киргизилгени туура.

Андан сырткары, жазанын бул түрү кайсы кылмыштарга киргизиле тургандыгы да каралышы керек. Себеби, бул жаза зордуктоого киргизилсе, кылмышкер “баары бир өлүм жазасына кетем” деп же күбөлөрдү жок кылуу максатында андан ары адам өлтүрүүгө да барышы мүмкүн экендигин юристтер белгилеп келишет. Андыктан, кылмыш жасаган адамды андан башка дагы кылмыштарды жасашына мажбурлоонун кереги жок”-деди ал.

Белгилей кетсек, өлкөдө күн мурун жаш балдарды зордуктагандарды жана кыз-келиндерди зордуктап өлтүргөндөрдү өлүм жазасына тартуу нормасын киргизүү демилгеси көтөрүлдү. Атап айтканда, өлкө башчысы жогорудагыдай үрөй учурган кылмыштар жазасыз калбашы керек деген позицияда экендигин анын басма сөз катчысы Аскат Алагөзов билдирген.
Ал эми буга зордукталып, мыкаачылык менен өлтүрүлгөн 17 жаштагы өспүрүм кыздын окуясы түрткү болуп, коомчулук менен бийлик өкүлдөрүн ойлонууга мажбур кылган.
Ал эми эксперттер “Кабар” агенттигине төмөндөгүдөй пикирлерин билдиришти.
Юридика илимдеринин доктору Болот Токтобаев өлүм жазасын киргизүү үрөй учурган адам өлүмдөрүн болтурбоого сабак болот деп эсептейт.
Анын айтымында, буга чейин гумандуулук жагынан карап, оор кылмыш кылгандарды өлүм жазасына тартуу киргизилбей келген.
“Өлкөбүздө жаш балдарга, кыз-келиндерге карата зордук-зомбулук менен коштолгон өлүм учурлары болуп жатат. Мындай кылмыштарга өлүм жазасын киргизүүгө макулмун. Анткени акылга сыйбаган жаман көрүнүштөрдү болтурбоого бул абдан пайдалуу. Өлүм жазасы бүгүнкү күндө АКШнын бир катар штаттарында, Кытайда жана башка өлкөлөрдө колдонулуп келет. Буга чейин Кыргызстан кылмыш кылгандарды өлүм жазасына тартууну туура көрбөгөндүгү бул гумандуулук жагы болгон. Өлүм жазасын киргизсек, ушундай оор кылмыштарды кылгандарды тизгиндеп, коомчулукта адам өлүмүнө алып келген учурларга каршы сабак болот”, - деген ал.
Ошондой эле президент Садыр Жапаровдун балдарды жана кыз-келиндерди зордуктап, өлтүрүп кеткендерге өлүм жазасын киргизүү тууралуу сунушун колдойм деген пикирин Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты Айнуру Алтыбаева билдирген.
Анын айтымында, бул көптөн бери коомчулукта талкууланып келе жаткан орчундуу маселе.
"Өлүм жазасын киргизүү коомдо зордуктоо жана өлүм менен коштолгон резонанстуу оор кылмыштар катталган учурда кызуу талкууланып, андан кийин токтоп калган учурлар көп. Өлүм жазасын киргизүү укук коргоо жана сот органдарын реформалоону талап кылат. Мындай кылмыштарды иликтөө өтө кылдаттык менен жүргүзүлүп, соттор дагы өлүм жазасына тартуу чечимин чыгарууда документтерди дыкаттык менен иликтеп чыгуусу шарт. Анткени, бул жерде адамдын өмүрү жөнүндө сөз болуп жатат. Бейкүнөө адамдардын жабыркап калышынын алдын алуу үчүн сот системасында сөзсүз түрдө олуттуу реформалар жүргүзүлүшү керек деп ойлойм", - деген мурдагы депутат.