Өлкөнүн демографиялык багыты: өсүш, миграция жана стимулдар

Коом Загрузка... 17 Июль 2025 17:20
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
Next
Previous
Next
Previous

Назира Кенжебекова

Бардык материалдар

Демография – жөн гана статистика эмес, бул коомдун келечегин аныктоочу күч. Анын негизинде өлкөлөр мамлекеттик саясатын жүргүзүп, калктын курамы, саны, төрөлүү, каза болуу жана миграция процесстери коомдук абалга таасир этүүчү негизги факторлор болуп саналат. Кыргызстан үчүн демографиялык өзгөрүүлөр - экономикалык өнүгүүнү жана келечектеги мамлекеттик чечимдерди аныктоочу стратегиялык фактор болуп саналат.

WhatsApp Image 2025-07-17 at 16.14.28.jpeg

Кыргызстан калкынын саны боюнча дүйнөдө 96-орунда, ал эми калк жыштыгы боюнча 145-орунда турат. Орточо жыштык — 1 чарчы чакырым жерге 35тен ашык киши туура келет.

Улуттук статистикалык комитетинин маалыматына ылайык, 2025-жылдын январь айында калктын жалпы саны 7 млн 282 миң адам болгон. Калктын эң жогорку өсүү темпи Ош шаарында (2,2%) жана Бишкек шаарында (2,1%) байкалса, эң төмөнкү көрсөткүч Ысык-Көл (1,0%) жана Нарын (0,9%) облустарында катталган.

Шаар калкынын үлүшү административдик-аймактык реформага байланыштуу 33,7%дан (2020-жыл) 41,7%га (2025-жыл) чейин жогорулап, ал эми айыл калкы — 58,3%ды түзгөн.

2025-жылдын башында:

  • Эркектер – 3 млн 603 миң (49,5%)
  • Аялдар – 3 млн 679 миң (50,5%) болгон.

Соңку жылдардагы демографиялык процесстер калктын өсүү ылдамдыгы менен мүнөздөлүүдө.

Өткөн жылы өлкөдө 140,4 миң төрөт катталып:

  • Эркек балдар – 51%
  • Кыздар – 48% (кыздардын үлүшү бир аз азайган) түзгөн.

2024-жылы 1000 адамга 19,4 төрөт туура келген же болбосо 17,5%га төмөндөгөн. Эң жогорку төрөт деңгээли:

  • Баткен – 23,9
  • Ош – 22,3
  • Жалал-Абад жана Нарын – 22,0

2024-жылдын башында калктын түзүмү: 34,2% — жаш балдар жана өспүрүмдөр, 56,5% — эмгекке жөндөмдүү курактагы жарандар, 9,3% — пенсия курагындагы адамдар болгон.

Кыргызстанда акыркы жылдары үй-бүлө институтун бекемдөө жана төрөттү колдоо боюнча программалар каралып жатат.

Кыргыз улуттук илимдер академиясынын Социологиялык илимдер борборунун башчысы, социология илимдеринин доктору Нурбек Өмүралиевдин “Кабар” агенттигине билдирүүсү боюнча калктын санын көбөйтүүдө демографиялык стимулдар натыйжалуу ыкма болуп, бул колдоо жарандарды балалуу болууга шыктандырат.

WhatsApp Image 2025-07-17 at 16.15.02.jpeg

“Учурда калктын саны 7,2 млндон ашык адам деп белгиленип жатат. Бул абдан жакшы көрсөткүч болуп саналат. Себеби, биздин элдин саны советтер союзунда 2 млн деп саналса, эгемендүүлүктү алган жылдары 2 миллиондон ашуун адамга көбөйгөн. Эгер коңшу мамлекет Өзбекстан менен салыштырсак, 1991-жылы алардын саны 20,6 млн адам болсо, быйылкы жылдын июль айына карата 37 млн 859 миң адам деп белгиленди. Мындай көрсөткүчтөр Казакстанга да мүнөздүү. Аталган жылдары алар 16,4 млн болсо, эгемендүүлүктү алган жылдары 19 миллиондон ашкан. Мунун башкы себеби эмнеде? Себеби демографиялык колдоодо болушу мүмкүн. Анткени, эки өлкөдө тең ар бир төрөлгөн балага жөлөк пул төлөнүп келет. Ошондой эле, Россия өлкөсүндө да балага жөлөк пул менен катар эле эне капиталы каралган. Ал убакыт өткөн сайын индексацияланып, көбөйүп турат. Башкача айтканда, балдарын жарык дүйнөгө алып келүү менен эле эне батир сатып ала турган деңгээлге жетет. Бул андан сырткары энелердин беделинин өсүшүнө түрткү болот. Бул абдан чоң шыктандыруучу ыкма болгондуктан, бизге дагы бул ыкма киргизилсе калктын саны мындан дагы көбөйөт”, - деген оюн билдирген ал.

WhatsApp Image 2025-07-17 at 16.14.43.jpeg

Миграциялык процесстер да демографиянын маанилүү бутагы болуп саналат. Кыргызстанда акыркы жылдары ички жана тышкы миграцияга байланыштуу олуттуу өзгөрүүлөр байкалууда. Учурда чет өлкөлөрдө 650 миндей жаран эмгек миграциясында жүрөт.

WhatsApp Image 2025-07-17 at 16.15.41.jpeg

Аймактар аралык көчүп келүүлөр негизинен Бишкек шаары менен Чүй облусуна багытталган. 2023-жылы миграциянын жалпы оң балансынын 87,1% Бишкекке, 12,9% Чүйгө облусуна туура келет.