Бишкек, 11.06.25. /Кабар/. Президент Садыр Жапаров 2030-жылга чейин өлкөнү өнүктүрүү улуттук программасында айыл чарба тармагына өзгөчө көңүл бурган, бул абдан жакшы иш. Мындай пикирин академик Жамин Акималиев “Кабар” маалымат агенттигине билдирди.
Анын айтымында, эми ар бирибиз президенттин айткан сөздөрүнө, программасына көңүл буруп, анын аткарылышына сөзсүз катышышыбыз керек.
“Элибиздин 65 пайызы айыл-кыштактарда жашагандыктан дыйканчылык, мал чарбачылыгы менен алектенишет. Эгер биз айыл чарбасын колдосок, анда жалпы республиканын иши да оңолот. Бул улуттук программада президент айыл чарбасы боюнча эки нерсеге токтолуптур. Биринчиси кайра иштетүүнү жакшыртуу, бул абдан туура маселе. Биз мурда өндүрүлгөн азык-түлүктүн 50 пайызына чейин кайра иштетип, андан кошумча нарк алынып, сыртка экспорттоого жакшы шарт болгон. Азыр кайра иштетилген азык-түлүктүн көлөмү болгону 5 же 10 пайыздан ашпайт. Ушуга байланыштуу көңүлдү логистикалык соода борборлорун курууга, кайра иштетүүчү ишкана, завод, фабрика, цехтерди жандандырууга бурушубуз керек.
Кайра иштетүүнү жок дегенде алдыңкы 5-6 жылдын ичинде 20-30 пайызга жеткирсек, азык-түлүк коопсуздугун аткарууга жакшы шарт түзүлөт. Учурда кайра иштетүүнүн жоктугунан, дыйкандар өндүргөн азыктарын сата албагандыктан, товарды сактоого мүмкүнчүлүк болбогондуктан өндүрүлгөн азык-түлүктүн 30 пайызга жакыны коромжуга учурап жатат. Ошондуктан бул маселеге көңүл бурушубуз зарыл”, - деди Акималиев.
Ал эми экинчиден президент өз сөзүндө органикалык айыл чарбасына көңүл бурганы туура экендигин академик белгиледи. Себеби, Кыргызстандын климаттык жер шарты, абасы, суусу экологиялык таза азыкты өндүрүүгө ылайыктуу.
“Жер кыртышыбыз жакшы, биз химиялык-минералдык жер семирткичтерди көп колдонбойбуз. Эми органикалык айыл чарба тармагын колго алсак, тармак өнүгөт деген ойдомун. Ушул кезде таза органикалык айыл чарба азыктарын өндүрүү болгону 1 пайызды түзөт экен. Жакынкы 5 жылдын ичинде бул көрсөткүчтү 15-20 пайызга көтөрсөк болот. Мында биринчиден дыйкан-фермерлерди суу, техникалык каражат, арзан насыя менен камсыз кылуу маанилүү. Ошондо өлкөнүн кирешеси көбөйүп, айыл чарба тармагы өнүгөт”, - дейт академик.
Ошондой эле окумуштуу айыл чарба тармагын илимий негизде гана, илим менен өндүрүштүн ортосунда байланышты түзүп өнүктүрүшүбүз керек экендигин кошумчалады.