Авиацияны Европанын “кара тизмесинен” чыгаруунун чечүүчү баскычына келдик – президент

Президент Загрузка... 27 Февраль 2026 14:14
2.jpg
copyright icon WWW

Назира Кенжебекова

Бардык материалдар

Бишкек, 27.02.26 /Кабар/. Системалуу иштин аркасында Кыргызстандын авиация тармагын Европа биримдигинин “кара тизмесинен” чыгаруунун чечүүчү баскычына келдик. Бул тууралуу республикалык кеңешмеде президент Садыр Жапаров билдирди.

Өлкө башчысынын айтымында, авиациялык инфратүзүм заманбап талаптарга ылайык келтирип, кайрадан курулду.

“Бүткүл өлкө боюнча аэропорттор модернизацияланды, учуу-конуу тилкелери жаңыланды, терминалдар реконструкцияланды, навигациянын жана учуулардын коопсуздугунун заманбап стандарттары киргизилди. Бул региондордун байланышын кыйла жандандырып, жарандар үчүн ыңгайлуу болуп калды. Ошону менен бирге эл аралык аба каттамдарын кеңейтүүгө бекем негиз түздү”,-деди президент.

Ошондой эле мамлекет башчысы белгилегендей, өлкөнүн авиациясынын “кара тизмеден” чыгуусу - инвестицияларды тартууда жана өлкөнүн эл аралык аброюн бекемдөөдө зор жетишкендик болот.

“Бирдиктүү авиациялык мейкиндикке кирүү менен жүргүнчүлөрдү жана миллиондогон долларлык жүктөрдү ташуу рыногуна жана мамлекеттин өнүгүшүнө, ошондой эле жарандарыбыздын бакубат жашоосуна багытталган жаңы экономикалык мүмкүнчүлүктөргө жол ачылат”,-деп белгиледи Жапаров.