Өлкөгө 7,6 тонна курманы мыйзамсыз алып кирүү аракети көрүлгөн

Укук тартиби Загрузка... 09 Март 2026 11:40
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
Next
Previous
Next
Previous
copyright icon Салык кызматы

Бишкек, 09.03.26. /Кабар/. Мамлекеттик салык кызматынын кызматкерлери өлкөгө кургатылган жемиштердин ири партиясын мыйзамсыз алып кирүүгө бөгөт коюшту.

Ведомстводон билдиришкендей, рейддик салык көзөмөлүнүн жүрүшүндө Казакстандан келген жүк ташуучу унаалардын бири текшерилген. Анын натыйжасында эсепке алынбаган товарлар — жалпы салмагы 7 миң 600 кг болгон курма жемиши аныкталган.

Текшерүүнүн жыйынтыгы боюнча Салык кызматынын кызматкерлери тиешелүү актыларды түзүштү. Чогултулган материалдардын негизинде тийиштүү салыктык текшерүүлөр жүргүзүлөт.