Өлкөдөгү унаа жолдордо чектөө жок, каттам үзгүлтүксүз жүрүүдө

Коом 1285 27 Январь 2025 11:10
WhatsApp Image 2025-01-27 at 07.22.28 (2).jpeg
WhatsApp Image 2025-01-27 at 07.22.29.jpeg
WhatsApp Image 2025-01-27 at 07.22.28 (1).jpeg
WhatsApp Image 2025-01-27 at 07.22.28.jpeg
Алдыга
Артка
WhatsApp Image 2025-01-27 at 07.22.28 (2).jpeg
WhatsApp Image 2025-01-27 at 07.22.29.jpeg
WhatsApp Image 2025-01-27 at 07.22.28 (1).jpeg
WhatsApp Image 2025-01-27 at 07.22.28.jpeg
Алдыга
Артка
copyright icon Транспорт министрлигинин басма сөз кызматы

Бишкек, 27.01.25. /Кабар/. Бүгүн, 27-январь ɵлкөдөгү унаа жолдордо чектөө жок, жол ачык, каттам үзгүлтүксүз жүрүүдө. Бул тууралуу Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, Бишкек – Ош унаа жолундагы Төө-Ашуу, Ала-Бел, Көк-Бел, Ош– Сары-Таш – Эркечтам унаа жолунун Тоң-Мурун ашуусунда, Тараз –Талас – Суусамыр унаа жолундагы Өтмөк, Бишкек – Нарын – Торугарт унаа жолундагы Долон, Кызыл-Бел жана Ат-Башы районундагы Ак-Бейит, Түз-Бел, Торугарт ашууларында күн ачык, каттам үзгүлтүксүз уланууда.

Учурда, жол тейлөө ишканаларынын жолчулары тарабынан тайгак жерлерге инерттик материалдарды себүү, жолго түшкөн кар күрткүлөрүнөн тазалоо, жол жээгин кеңейтүү иштери жүрүүдө.