Бишкек, 25.03.25. /Кабар/. Статистикалык маалыматтарга ылайык, бүгүнкү күндө өлкөдөгү айдоочулардын 70%ы толук кандуу жол эрежелерин билбейт. Бул тууралуу “Биринчи радионун” түз эфиринде ИИМдин Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынын маалымат кызматынын жетекчиси Байказы Айтикул уулу билдирди.
Анын айтымында, ушундай статистикалык көрсөткүчтөрдөн улам президент Садыр Жапаровдун тапшырмасына ылайык, ушул жылдын 1-сентябрынан тарта жол эрежесин бузган айдоочулар үчүн токтотулган жерден жол эрежелерин суроо процедурасы башталат.
“Статистикадан сырткары деле биз буга чейин маалымат каражаттарынын өкүлдөрү менен бирге айдоочулардан сурамжылоо аркылуу жол эрежелерин сураганбыз. Сурамжылоодо күнүмдүк жашоодо колдонулуучу жол эрежелерин билбеген айдоочулар аныкталды”,-деди ал.