Жыл аягына чейин 47 өнөр жай ишканасы ишке берилет

Экономика
Жыл аягына чейин 47 өнөр жай ишканасы ишке берилет
copyright icon Министрлер кабинети

Чолпон Жумалиева

Бардык материалдар

Бишкек, 18.11.26. /Кабар/. Кыргызстанда жыл аягына чейин 47 өнөр жай ишканасын ишке киргизүү пландалууда. Бул тууралуу министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев бүгүн Жогорку Кеңештин жыйынында билдирди.

Анын айтымында, “100 өнөр жай ишканасы” долбоорунун алкагында 2025-жылы 119 ишкана ишке киргизилип, инвестициялардын көлөмү 715,7 миллион долларды түзгөн. Ал эми 2026-жылы ушул учурга чейин 71 ишкана пайдаланууга берилип, инвестициялардын көлөмү 1 миллиард 891,8 миллион долларга жеткен.

“Быйыл ишке киргизилген ири ишканалардын катарында Токмок шаарындагы 1,9 миллиард сомдук дөңгөлөк иштетүүчү завод, Ивановка айылындагы 700 миллион сомдук айнек-пластик түтүктөрдү чыгаруучу завод, Манас шаарындагы 218 миллион сомдук металл конструкцияларын чыгаруучу завод жана Балыкчы шаарындагы 150 миллион сомдук “Алтын Логистик” логистикалык борбору бар.
Жыл аягына чейин “Алдос текстиль” комбинатын, мөмө-жемиштерди кайра иштетүүчү “Сан Планет Интернэшнл” ишканасын жана Кочкор-Ата шаарындагы мунай иштетүүчү заводдун биринчи этаптарын ишке киргизүү пландалууда”,-деди Касымалиев.

Минкаб төрагасы өнөр жай өндүрүшүнүн көлөмү 2025-жылы 799,7 миллиард сомду түзүп, 10,6%га өскөнүн, ал эми 2026-жылдын январь-октябрь айларында 770,9 миллиард сомдук продукция өндүрүлүп, өткөн жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу 5,2%га көбөйгөнүн өз сөзүндө белгиледи.