Өлкө жетекчилигинин атын жамынып 1 млн 900 миң сом алган жаран кармалды

Укук тартиби Загрузка... 29 Сентябрь 2025 15:45
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
Next
Previous
Next
Previous
copyright icon Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети

Бишкек, 29.09.25. /Кабар/. Өлкө жетекчилигинин атын жамынып 1 млн 900 миң сом алган жаран кармалды.

Атайын кызматтан билдиришкендей, козголгон кылмыш ишинин жана тергөө-ыкчам иш-чараларынын алкагында УКМК тарабынан Бишкек шаарынын жашоочусу КР жараны С.У.Э. кармалды. Ал өлкөнүн жогорку саясий жетекчилигинин жана УКМКнын айрым жетекчилеринин атын пайдаланып, алдамчылык жана ишенимден кыянаттык менен пайдалануу жолу аркылуу жалпы суммасы 1 миллион 925 миң сомду түзгөн каражатты алганы аныкталган.

Учурда тергөө иштери жүрүп, анын мыйзамсыз иш-аракетинин башка мүмкүн болгон учурлары да иликтенүүдө.

Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети мындай мыйзамсыз аракеттерди жасаган жана мамлекеттик кызматкерлердин атын жамынып жарандарды адаштырган адамдар белгиленген тартипте жана колдонуудагы мыйзамдарга ылайык жоопкерчиликке тартылаарын билдирет.