Өлкө боюнча бир суткада 10 өрт катталды

Кырсык 17 апрель 2026 10:20
Өлкө боюнча бир суткада 10 өрт катталды
copyright icon KABAR Жээнбек Сагыналиев

Бишкек, 17.04.26 /Кабар/. Өлкө боюнча сутка ичинде 10 өрт кырсыгы катталып, өрттү өчүрүүгө 11 бөлүм тартылган. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлиги билдирет.

Маалыматка ылайык, Нарын облусунда 5, Ысык-Көл облусунда 2, Чүй облусунда 1, Жалал-Абад облусунда 1, Ош облусунда 1 өрт катталган.

Куткаруу кызматтары тарабынан 6 чыгуу болгон.