Ливия армиясынын учагы Түркияда кырсыктады

Дүйнө Загрузка... 24 Декабрь 2025 09:50
WhatsApp Image 2025-12-24 at 07.27.21.jpeg

Акназик Тургунбаева

Бардык материалдар

Бишкек, 24.12.25 /Кабар/. Ливиянын Башкы штабынын башчысы Мохаммед Али Ахмед аль-Хаддадды ташып бараткан жеке учак Түркияда кулап түшкөн. Бул тууралуу Казинформ агенттиги жазды.

Маалыматка караганда, учак менен байланыш үзүлгөнүн Түркиянын ички иштер министри Али Йерликая билдирген.

Анын айтымында, күн мурун Falcon 50 үлгүсүндөгү 9H-DFJ номерлүү ишкер учагы Анкаранын Эсенбога аэропортунан Триполиге учуп чыккан. Жергиликтүү убакыт боюнча саат 20:52де учак менен байланыш үзүлгөн.

“Хаймана аймагына шашылыш конуу тууралуу билдирүү келип түшкөн, бирок андан соң байланыш толугу менен үзүлдү. Бортто беш жүргүнчү болгон, алардын арасында Ливиянын Башкы штабынын башчысы да бар эле”, - деген министр.

Министр кырсык тууралуу коомчулукка кошумча маалыматтар берилерин белгиледи.