Ленинград облусунда 5 кыргызстандык өрттөн жабыркады

Кырсык Загрузка... 18 Февраль 2025 09:00
thumbs_b_c_a7017e3a943f2ba3b59710940ce863b8.jpg
copyright icon WWW

Бишкек, 18.02.25. /Кабар/. Ленинград облусунда 5 кыргызстандык өрттөн жабыркады. Бул тууралуу Тышкы иштер министрлигинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, 16-февралда Ленинград облусунун Усть-Луга айылындагы жеке менчик кафеден өрт чыгып, анын кесепетинен 5 Кыргызстандын жараны ар түрдүү даражадагы күйүк алышкан.

"17-февралда Кыргызстандын 2 жараны Ленинград облустук ооруканасына текшерүүгө жиберилген. Ал эми үчөө Гатчинск ооруканасында биринчи медициналык жардам көрсөтүлүп, амбулатордук дарылоого чыгарылган", - деп айтылат маалыматта.

Белгиленгендей, бул факты боюнча Россиянын тергөө органы кылмыш ишин козгоду.

Маселе Кыргызстандын Ленинграддагы Башкы консулдугунун көзөмөлүнө алынды.