Бишкек, 28.07.25. /Кабар/. Лейлек районунун Жаңы-Жер айыл өкмөтүнүн административдик имаратынын курулушу аяктады.
Президенттин Баткен облусундагы өкүлчүлүгүнөн билдиришкендей, учурда имарат пайдаланууга берүүгө даяр болду.
Курулуш үчүн республикалык бюджеттин эсебинен 27 млн 465 миң сом каржыланган.
Учурда кызматкерлердин иштөөсү үчүн жетиштүү шарт түзүү максатында айыл өкмөтү техникалык жабдууларды, эмеректерди алуу аракетин көрүүдө.