Лейлек районунун чек ара айылдарынын тургундары жаңы конушка көчүүдө

Аймак 25 Ноябрь 2025 14:49
588234848_1385261049634013_795119372391761471_n.jpg
586282701_1385260536300731_3703918021818560241_n.jpg
586599782_1385260996300685_6729951702181447842_n.jpg
586603467_1385261006300684_4028370286453037615_n.jpg
587758724_1385260552967396_7523982466512825866_n.jpg
588468551_1385261056300679_6370582291209257175_n.jpg
Алдыга
Артка

copyright icon Президенттин Баткен облусундагы өкүлчүлүгү

Бишкек, 25.11.25. /Кабар/. Баткен облусунун Лейлек районунун Тажикистан менен чектеш аймактарындагы тургундар мамлекет тарабынан курулган жаңы айылдарга көчүүдө. Бул тууралуу президенттин аймактагы өкүлчүлүгүнөн билдиришти.

Атап айтканда, Максат айылынын тургундары ошол эле Максат айылындагы мамлекет тарабынан курулган 16 турак үйгө, Саада айылынын тургундары Раззаков айылында курулган 60 турак үйгө көчүрүлүүдө.

Көчүрүү иштерине Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин аймактык башкармалыгынын кызматкерлери жана техникалары тартылган.

Белгилей кетсек, кыргыз-тажик мамлекеттик чек арасын делимитациялоонун жыйынтыгында Кыргызстан менен Тажикстан айрым айылдарды алмашууну макулдашкан. Ага ылайык, чек ара айылдарынан көчүүчү тургундар үчүн Баткен районундагы Жаңы Достук айылына 181 үй, Лейлек районунун Раззаков айылына 60 үй, Максат айылына 16 үй курулган.