Лаостун президенти Тхонглун Сисулит Кыргызстанга келди — Кабар

Лаостун президенти Тхонглун Сисулит Кыргызстанга келди

Саясат 31 август 2026 13:10
6a9527a19ac15.jpeg
6a95279160f82.jpeg
6a952787611ff.jpeg
6a95277df34e5.jpeg
Алдыга
Артка
6a9527a19ac15.jpeg
6a95279160f82.jpeg
6a952787611ff.jpeg
6a95277df34e5.jpeg
Алдыга
Артка
copyright icon Министрлер кабинети

Бишкек, 31.08.26. /Кабар/. Лаос Элдик Демократиялык Республикасынын президенти Тхонглун Сисулит Кыргызстанга жумуш сапары менен келди. 

“Манас” эл аралык аэропортунан аны министрлер кабинетинин төрагасынын биринчи орун басары Данияр Амангелдиев тосуп алды.

Тхонглун Сисулит "ШКУ плюс" форматындагы жогорку деңгээлдеги жолугушууга жана VI Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын ачылыш аземине катышуу үчүн Кыргызстанга келди.

Лаос президентине Кыргызстандын улуттук символу жана VI Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын расмий символу болгон илбирстин жумшак оюнчугу белекке берилди.

Белгилей кетсек, Кыргызстан 2026-жылы ШКУга төрагалык кылууда. Бишкекте уюмдун түзүлгөндүгүнүн 25 жылдык мааракелик саммити өтөт.