Күз күрөш, жаз жарыш: Өлкөдө айыл чарба иштери жана баалар кандай?

Коом 15 сентябрь 2026 17:10
Күз күрөш, жаз жарыш: Өлкөдө айыл чарба иштери жана баалар кандай?
copyright icon WWW

Чолпон Жумалиева

Бардык материалдар

Бүгүнкү күнгө карата республика боюнча дан өсүмдүктөрүнүн түшүмү 75 пайыз жыйналды. Бул тууралуу Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигинин Өсүмдүк өстүрүү жана багбанчылык башкармалыгынын башчысы Туратбек Идрисов “Кабар” маалымат агенттигине билдирди.

Анын айтымында, учурда буудайдын 96, арпанын 82, жүгөрүнүн 15 пайызы жыйналды. Ал эми чанактуу өсүмдүктөрдү, анын ичинде төө буурчакты жыйноо жаңы башталгандыктан, түшүмдүн 8-10 пайызы алынган.

“Орточо түшүмдүүлүк бүгүнкү күндө гектарына 27-30 центнерди түзүүдө. Арпа менен буудайдын түшүмдүүлүгү орточо эсеп менен гектарына 30 центнерден айланууда. Түштүк аймактарда жана Чүй облусунда дан өсүмдүктөрүнүн түшүмдүүлүгү гектарына 35-40 центнерге чейин жетүүдө”, - деди ал.

Министрликтин өкүлү белгилегендей, учурда республика боюнча жашылча өсүмдүктөрүнүн 55, картошканын 30, бахча өсүмдүктөрүнүн 60-65 пайызы жыйналды. Май өсүмдүктөрүн жыйноо иштери 10 пайызга аткарылды.

“Жашылчанын орточо түшүмдүүлүгү гектарына 7 тонна, картошканыкы 18-20 тонна болууда. Ал эми дарбыз, коон сыяктуу бахча өсүмдүктөрүнүн түшүмдүүлүгү гектарына орточо 200 тоннага жакындап жатат. Кант кызылчасы, пахта жана тамеки сыяктуу техникалык өсүмдүктөрдү жыйноо иштери азырынча баштала элек”, - деди Идрисов.

Аймактардагы түшүмдүүлүк

Маалыматка ылайык, түшүмдүүлүктүн көрсөткүчү өстүрүлгөн өсүмдүктүн түрүнө жана аймактын климаттык шартына жараша айырмаланууда.

Дан эгиндерин жыйноодо Чүй облусу эң жогорку көрсөткүчтү көрсөтүүдө. Бул аймакта дан эгиндеринин орточо түшүмдүүлүгү гектарына 30,4 центнерди түзүп, республикалык орточо көрсөткүчтөн жогору болду. Анын ичинен буудайдын түшүмдүүлүгү 33, арпанын түшүмдүүлүгү 29,6 центнерди түздү. Андан кийинки жогорку көрсөткүчтөр Талас облусунда гектарына 29 центнерди, Жалал-Абад облусунда 27,8 центнерди түздү.

Жашылча жана бахча өсүмдүктөрүнүн түшүмдүүлүгү боюнча Ош облусу алдыда. Бул аймакта жашылчанын түшүмдүүлүгү гектарына 170,0 центнерди, бахча өсүмдүктөрүнүкү 187,5 центнерди түздү.

Картошкадан эң жогорку түшүм Баткен облусунда алынууда. Бул аймакта картошканын түшүмдүүлүгү гектарына орточо 159 центнерди түздү.

Ал эми май өсүмдүктөрүн жыйноодо Жалал-Абад облусунда түшүмдүүлүк гектарына 120 центнерди түзүп, эң жогорку көрсөткүч катталды.

Идрисовдун маалыматына караганда, күздүк буудайды айдап-себүү иштери жакынкы 1-2 жуманын ичинде башталат.

“Быйыл республика боюнча 200 миң гектар жерге күздүк дан эгиндерин себүү пландалууда. Бул боюнча жакында токтомдун долбоору даярдалып, ага кол коюлушу күтүлүүдө. Себүүгө үрөн жетиштүү, жер семирткичтер да келип жатат. Мындан тышкары, ным топтоо иштери жүргүзүлүүдө. Болжол менен быйыл 300 миң гектар жерге ным топтоо иштери жүргүзүлөт. Бул жазгы айдап-себүү иштерин жүргүзүүгө шарт түзөт”, - деди ал.

Күзгү оруп-жыйноо иштерине күйүүчү май жетиштүү

Ошол эле учурда күзгү оруп-жыйноо иштерине күйүүчү май жетиштүү экендиги белгиленди. Монополияга каршы жөнгө салуу кызматынын директорунун орун басары Санжарбек Кокошеров “Биринчи радионун” эфиринде билдиргендей, күзгү оруп-жыйноо иштерине дыйкандарга болжол менен 40 миң тонна дизель отуну керектелет. Учурда өлкөдө 1-1,5 айга жеткидей күйүүчү майдын кору бар.

"Материалдык резервдер фондунда мамлекет тарабынан сатып алынган күйүүчү май бар. Ал жактагы баалар дыйкандарга ылайыкталган. Бүгүнкү күндө дизель отунунун баасы 96 сомду түзөт. Дыйкандар айыл өкмөттөрү же Материалдык резервдер фондунун аймактардагы өкүлдөрү аркылуу күйүүчү майды 96 сомдон сатып ала алышат. Бүгүнкү күндө күйүүчү майдын кору жетиштүү”, - деди ал.

Нефтетрейдерлер ассоциациясынын президенти Канатбек Эшатов жергиликтүү радиолордун биринен өлкөдө күйүүчү май боюнча кырдаал туруктуу экенин билдирди.

Анын айтымында, өкмөт тарабынан күйүүчү майга берилген субсидиялар жыл аягына чейин узартылып, нефтетрейдерлердин импорт жүргүзүүсүнө шарт түзүлдү.

“Бүгүнкү күндө күйүүчү майга байланыштуу кырдаал туруктуу. Мурунку айларга салыштырмалуу абал жакшырып баратат. Август айында биздин компаниялардын өкүлдөрү Кытайга барып, ири мамлекеттик компаниялар менен келишимдерди түзүп келишкен. Учурда айрым компаниялар келишимдердин негизинде мунай заттарын автоунаалар менен ташып баштады. Мындан тышкары, Беларусь жана Түркия менен түзүлгөн келишимдердин негизинде да Кыргызстанга мунай заттары келип жатат”, - деди Эшатов.

Белгиленгендей, мамлекет тарабынан субсидия берүү боюнча чечимге өзгөртүүлөр киргизилип, күйүүчү май импорттоого байланыштуу айрым чектөөлөр жоюлган. Мунун натыйжасында компаниялар жаңы келишимдерди түзүп, күйүүчү майды өлкөгө ташып келүүнү улантууда.

Расмий маалыматтарга ылайык, 2027-жылдын апрель айында “Джунда” заводунда модернизациялоо иштери толугу менен аякташы күтүлүүдө. Андан кийин завод базардын талабына ылайык К5 үлгүсүндөгү бензиндин түрлөрүн жана дизель отунун өндүрө баштайт. Бул ички рынокту күйүүчү май менен камсыздоону күчөтүп, келечекте тартыштык коркунучун азайтууга өбөлгө түзөт.