Кызыл-Кыяда салыкчы 2,2 миң доллар параны кайтарып берүү учурунда кармалды

Укук тартиби 23 июль 2025 10:34
523508998_24258595967095582_8970601678615955248_n.jpg
506460352_24258595953762250_763442066701840505_n.jpg
519472389_24258596137095565_8561896221781357388_n.jpg
524107029_24258596100428902_2759695482723236425_n.jpg
Алдыга
Артка

copyright icon Баткен облустук ички иштер башкармалыгы

Бишкек, 23.07.25 /Кабар/. Кызыл-Кыяда жеке ишкерден акча талап кылган салык кызматкери кармалды. Бул тууралуу Баткен облустук милициясынан билдириштию

Маалыматка ылайык, 21-июлда жеке ишкер С.А. Кызыл-Кыя ШИИБге арыз менен кайрылып, Мамлекеттик салык кызматынын Кызыл-Кыя шаары боюнча башкармалыгынын улук инспектору С.П. дүкөнүн текшерип, салыктан бошотуу үчүн 200 миң сом пара талап кылганын, акча алганын билдирген.

Арыз негизинде КР Кылмыш-жаза кодексинин "Пара алуу" беренеси боюнча кылмыш иши козголуп, 22-июлда жүргүзүлгөн ыкчам иш-чара учурунда С.П. 2 200 долларын кайтарып берип жаткан жеринен кармалган.

Шектүү убактылуу кармоо жайына киргизилип, тергөө иштери уланууда.