Кызамык оорусунун жайылышы боюнча Кыргызстан алдыңкы орунда – БДСУ

Ден соолук Загрузка... 06 Февраль 2025 12:50
{{ item.title }}
{{ item.title }}
Next
Previous
copyright icon Саламаттык сактоо министрлигинин басма сөз кызматы

Чолпон Жумалиева

Бардык материалдар

Бишкек, 06.02.25. /Кабар/. Өткөн жылдын жыйынтыгы боюнча кызамык оорусунун жайылышы боюнча Кыргызстан Казакстандан кийин алдыда келе жатат. Бул тууралуу Саламаттыкты сактоо министрлигинин иммунизациялоо боюнча уюштурган иш-чарасында Бүткүл дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюмунун Кыргызстандагы өкүлү Элнура Дүйшеналиева билдирди.

Анын айтымында, калктын санын эсептөөдө Кыргызстан Казакстандан алдыда жана негизинен 5 жашка чейинки балдар арасында кызамык менен ооругандар көп кездешет.

Белгилей кетсек, кызамык оорусу менен ооруган адам бир эле учурда 12ден 18 адамга чейин оору жуктурат. Ошондой эле кызамык оорусу адамдан адамга аба аркылуу жугуп, инкубациялык мезгили 10-14 күндү түзөт.