Кытайдын Ухань шаарында беш эм төрөлдү

Дүйнө Загрузка... 04 Март 2026 09:35
{{item.title }}
{{item.title }}
Next
Previous
Next
Previous
copyright icon WWW

Назира Кенжебекова

Бардык материалдар

Бишкек, 04.03.26 /Кабар/. Кытайдын Хубэй провинциясындагы Ухань шаарында 24 жаштагы синьцзяндык жаш эне беш ымыркайды жарык дүйнөгө алып келди. Бул тууралуу Казинформ кабарлады.

Дарыгерлердин маалыматына ылайык, балдардын абалы салыштырмалуу туруктуу. Беш эмдин бири - 990 грамм салмактагы эркек бала. Калган төртөө кыздар болуп, алардын салмагы 870, 970, 1020 жана 1030 граммды түзгөн. Ымыркайлардын Апгар шкаласы боюнча көрсөткүчтөрү 6 баллдан жогору.

Атасы наристелерине Юнус, Михрия, Михрима, Замира жана Зафара деген ысымдарды ыйгарды. Анын айтымында, ысымдар кулакка жагымдуу угулушу жана оңой жатталышы үчүн тандалган.

Кош бойлуулук маалында дарыгерлер көп түйүлдүктүү кош бойлуулуктун тобокелчиликтерин эске алып, түйүлдүктөрдүн санын кыскартуу (редукция) мүмкүнчүлүгүн сунушташкан. Бирок жубайлар ар бир наристенин өмүрүн сактап калууну каалап, мындай кадамдан баш тартышкан.

Белгилей кетсек, медициналык статистикага ылайык, табигый жол менен беш эмдин бойго бүтүүсү абдан сейрек кездешет. Болжол менен 60 миллион кош бойлуулуктун биринде гана болот.