Кытайдын түштүк-батышындагы жер титирөөдө 13 киши жаракат алды

Дүйнө Загрузка... 29 Июнь 2026 10:10
WhatsApp_Image_2026_yqIDwYZ.2e16d0ba.format-webp.fill-1668x1014.webp

Бишкек, 29.06.26. /Кабар/. Кытайдын түштүк-батышындагы Сычуань провинциясына караштуу Ибинь шаарынын Гаосян уездинде 5,5 баллдык жер титирөө катталды. Бул тууралуу Синьхуа агенттиги билдирет.

Маалыматка ылайык, табигый кырсыктан каза болгондор жок. Жер титирөөнүн кесепетинен 13 адам жеңил жаракат алган. Ошондой эле коопсуздук чараларынын алкагында 196 адам эвакуацияланып, убактылуу баш калкалоочу жайларга жайгаштырылган.

Зилзала бүгүн, 29-июнда Пекин убактысы боюнча саат 00:00 чамасында катталган. Жер титирөөнүн очогу 6 чакырым тереңдикте болгон.