Бишкек, 07.07.26 /Кабар/. Кытайдын түштүгүндө болгон суу ташкынынан улам төрт адам каза болуп, он миң тургун өз үйлөрүн таштап кетүүгө мажбур болду. Бул тууралуу ТАСС агенттиги билдирди.
Кытайдын Борбордук телевидениесинин маалыматына караганда, бийлик өкүлдөрү масштабдуу сел каптагандыгына байланыштуу Гуанси-Чжуан автономиялуу районунун Хэнчжоу шаарынан 54 миңге жакын тургунду коопсуз жерге эвакуациялаган.
Акыркы маалыматтар боюнча, табигый кырсыктын кесепетинен кеминде төрт адам каза таап, дагы сегиз киши дайынсыз жоголду деп эсептелүүдө.
Жалпысынан суу астында калган аймакта 85 миңге чукул тургун калды. Азыркы тапта куткаруу кызматтары селдин кесепеттерин жоюу жана дайынсыз кеткендерди издөө иштерин кызуу улантып жатышат.