Кытайдын Ганьсу провинциясында жер көчкүдөн 21 адам каза болду

Дүйнө 8 июль 2026 12:50
Кытайдын Ганьсу провинциясында жер көчкүдөн 21 адам каза болду

Аида Тургунбек кызы

Бардык материалдар

Бишкек, 08.07.26. /Кабар/. Кытайдын түндүк-батышындагы Ганьсу провинциясында жер көчкүнүн кесепетинен 21 адам каза болуп, 7 киши жаракат алды. Бул тууралуу Синьхуа агенттиги жазды.

Маалыматка ылайык, жаракат алган 7 жаран жергиликтүү ооруканага жайгаштырылып, учурда алардын абалы туруктуу деп бааланууда.

Жер көчкү 7-июлда эртең мененки саат 06:56 чамасында Луннань шаарына караштуу Жэньцзан айылында жүргөн. Жергиликтүү бийликтин маалыматы боюнча, 33 адам урандылардын астында калып, бешөө эч кандай жаракат албастан куткарылып алынган.