Бишкек, 03.04.26 /Кабар/. Кытайда Янцзы дарыясынын астынан өтүүчү, узундугу 14 чакырымдан ашкан жогорку ылдамдыктагы темир жол тоннелинин курулушу аяктады. Бул тууралуу Kazinform агенттиги кабарлады.
Маалыматка ылайык, жаңы туннель Шанхайга караштуу Чунмин аралын Цзянсу провинциясындагы Тайцан шаары менен байланыштырат. Кытай бийлиги объектти ушул жылдын аягында ишке берүүнү пландап жатат. Туннель аркылуу өтүүчү поезддер саатына 350 чакырымга чейин ылдамдыкта жүрө алат. Бул шаарлар арасындагы жол жүрүү убактысын кыйла кыскартат.
Кытай акыркы жылдары темир жол тармагын кеңейтүү максатында жер астындагы жана суу алдындагы туннелдерди активдүү куруп келет. Буга чейин Синьцзян-Уйгур автоном районунда узундугу 22,13 чакырымды түзгөн “Тяньшань Шэнли” туннели пайдаланууга берилген. Ал дүйнөдөгү эң узун автоунаа жүрүүчү туннелдердин бири болуп саналат.
Ошондой эле, Азербайжанда Каспий жана Кара деңиздерин жер алдындагы туннель аркылуу туташтыруу сунушу демилгеленген.