Бишкек, 07.09.26. /Кабар/. Кечээ, 6-сентябрда Кытайда жер титирөө катталды. Бул тууралуу Сейсмология институтунан билдиришти.
Маалыматка ылайык, зилзаланын күчү 4 баллга жеткен.
Жер титирөөнүн очогу Кытайдын аймагында, Майдантаг кырка тоосунда, Көк-Айгыр айылынан 71 чакырым түштүктө, Жаңы-Күч айылынан 107 чакырым түштүктө, Кара-Булак айылынан 120 чакырым түштүк-чыгышта жайгашкан.
Кыргызстандын калк жашаган аймактарында жер титирөөнүн күчү сезилген жок.