Кытайда жасалма интеллект боюнча адистерге суроо-талап 47 пайызга өстү

Дүйнө Загрузка... 08 Июль 2026 15:50
images.jpg
copyright icon WWW

Аида Тургунбек кызы

Бардык материалдар

Бишкек, 08.07.26 /Кабар/. Үстүбүздөгү жылдын алгачкы беш айында Кытайда жасалма интеллект багытында билим алган жогорку окуу жайлардын бүтүрүүчүлөрүнө болгон суроо-талап 47,3%га жогорулады. Бул тууралуу China Daily басылмасы жазды.

Maimai рекрутингдик платформасынын отчетуна ылайык, эмгек рыногундагы жаш адистерге сунушталган ар бир он жумуш орунунун төртөөндө ЖИ технологиялары менен иштей билүү көндүмдөрү талап кылынууда.

Ал эми Alibaba компаниясынын кадрлар бөлүмүнүн маалыматы боюнча, учурда бүтүрүүчүлөр үчүн бош жумуш орундарынын 80%дан ашыгы ЖИ тармагына туура келет.

Жумуш берүүчүлөр биринчи кезекте магистр даражасы бар адистерди издешүүдө. Эң популярдуу багыттар - машиналык үйрөнүү жана ЖИ-агенттерин иштеп чыгуу.

Zhaopin.com платформасынын маалыматы көрсөткөндөй, ЖИ технологиялары программалык камсыздоодон сырткары, жогорку технологиялык өндүрүшкө да массалык түрдө киргизилүүдө. Жаш ЖИ инженерлери үчүн бош орундардын 21%ы дал ушул заманбап өндүрүш тармагына таандык.

Буга чейин жасалма интеллект Кытайдын жогорку окуу жайларында эң популярдуу жана суроо-талапка ээ адистиктердин бирине айланганы маалымдалган.