Кытайда учкучсуз учак 24 саат бою тынымсыз уча алды

Дүйнө Жүктөлүүдө... 29 Июль 2026 09:00
fc982ab7-6c13-41ca-b174-f28c0701e018.jpeg

Мээрим Дүйшөналиева

Бардык материалдар

Бишкек, 29.07.26. /Кабар/. Кытайдын Шаньдун провинциясында TP200 көп максаттуу жарандык учкучсуз учагынын биринчи ийгиликтүү сыноолору өттү. Бул тууралуу Казинформ Синьхуа агенттигине шилтеме берип билдирди.

Маалыматка ылайык, бул өлкөдөгү биринчи оор жүк ташуучу учак 3 миң километрге чейинки аралыкка уча алган учак болуп саналат.

Иштеп чыгуучулардын айтымында, максималдуу крейсердик ылдамдыгы 200 км/саат болгон учак толук жүк менен абада 24 сааттан ашык убакыт бою учат жана 7 миң метр бийиктикке көтөрүлө алат.

Алгачкы учуусунда TP200 кыска аралыкта учуу жана конуу көрсөткүчтөрүн көрсөттү. “Бул инженердик эсептөөлөрдүн жана системалык интеграциянын тактыгын толугу менен тастыктады", - деди башкы конструктор Фан Лян.

Иштеп чыгуучулар жаңы модель толугу менен ата мекендик тетиктерден чогултулганын белгилешет. TP200 өрт өчүрүү, жетүүгө кыйын аймактарга жүк жеткирүү, патрулдук кылуу жана айлана-чөйрөнү көзөмөлдөө үчүн жабдылышы мүмкүн.