Кытайда роботтор бий менен марафондордон үй жумуштарын жасоого өтүүдө

Дүйнө Загрузка... 22 Апрель 2026 14:30
WhatsApp Image 2026-04-22 at 10.29.38.jpeg
copyright icon WWW

Назира Кенжебекова

Бардык материалдар

Бишкек. 22.04.26 /Кабар/. Кытайда гуманоид роботтор акырындык менен көңүл ачуучу көрсөтүүлөрдөн чыгып, үйдөгү күнүмдүк иштерди аткарууга өтүп жатат. Бул тууралуу Reuters агенттигине таянып, Kazinform билдирди.

Буга чейин роботтор көбүнчө бийлеп, марафондо чуркап же трюктарды көрсөтүп келген болсо, эми кытайлык иштеп чыгуучулар алардын негизги багытын өзгөртүп, үй шартындагы иштерди аткарууга көңүл бура башташты.

Пекин шаарында өткөн таанытымды X Square Robot компаниясынын роботтору таштандыларды жыйнап, гүлдөрдү иреттеп жана жөнөкөй үй жумуштарын аткарууга аракет кылышты.

Компаниянын жетекчиси Ван Цяндын айтымында, роботтордун физикалык мүмкүнчүлүктөрү жакшы өнүккөнү менен, алардын “акылы” дагы деле жеткиликтүү деңгээлде эмес. Ошондуктан бөлмө жыйноо, идиш жуугуч машинаны жүргүзүү же кийим бүктөө сыяктуу жөнөкөй көрүнгөн иштер да роботтор үчүн кыйын болуп жатат.

Бул маселени чечүү үчүн компания Wall-B аттуу жасалма интеллект моделин иштеп чыккан. Ал модель 100дөн ашык үйдөн алынган реалдуу маалыматтарга таянып үйрөтүлгөн.

Компаниянын маалыматына караганда, роботтор эми Кытайдын Шэньчжэнь шаарында үй жыйноо иштерине да катыша баштады. Алардын үч сааттык кызматынын баасы болжол менен 22 долларды түзөт жана адамдарга үй тазалоодо жардам берет.

“Бул окуялар роботтордун өнүгүүсү жаңы этапка - реалдуу турмушта колдонууга өтүп жатканын көрсөтөт”,-деп айтылат маалыматта.