Кытайда почта жүктөрүн роботтор иргей баштады

Дүйнө Загрузка... 02 Июнь 2026 16:10
WhatsApp Image 2026-06-02 at 13.12.52.jpeg
copyright icon WWW

Аида Тургунбек кызы

Бардык материалдар

Бишкек, 02.06.26. /Кабар/. Кытайдын түштүгүндөгү Гуанчжоу шаарында почта кызматынын өндүрүштүк процессине адам сымал роботтор киргизилди. Бул тууралуу Синьхуа агенттигине шилтеме берүү менен Казинформ агенттиги жазды.

Автоматташтырылган системалар жүктөрдү таануу жана аларды багыттар боюнча бөлүштүрүү милдеттерин аткарууда. Бул машиналар интеллектуалдык таануу жана өз алдынча чечим кабыл алуу функцияларына ээ.

Инновациялык жабдуулар Гуанчжоу почта борборунун "Цзянгао" логистикалык комплексинин базасында ишке киргизилди. Бир гуманоид-роботтун өндүрүмдүүлүгү саатына 1200гө чейинки почта жөнөтмөлөрүн иштетүүгө мүмкүндүк берет.

Роботтук системаларды ишке киргизүү жүк агымынын көлөмү өсүп жаткан шартта логистиканын натыйжалуулугун жогорулатууга багытталган. Кадимки тартипте аталган почта борбору суткасына орточо эсеп менен 6,5 млн жөнөтмөнү иштетсе, жүктөм көп болгон учурларда бул көрсөткүч 10 млн бирдиктен ашат.

Эске салсак, буга чейин Кытайда санариптик паспорту жок гуманоид-роботторду сатууга тыюу салынары маалымдалган.