Кытайда электромобилдин көбөйүшү менен абанын булгануусу кескин азайды

Дүйнө Загрузка... 08 Июнь 2026 13:40
178090239463024930_1200x630.png
copyright icon WWW

Бишкек, 08.06.26. /Кабар/. Кытайда электромобиль айдагандардын санынын кескин өсүшү көптөгөн шаарларда абанын тазарышына алып келди. Натыйжада экологиянын булганышынан келип чыккан оорулардан каза болгондордун саны азайганын чет элдик маалымат каражаттарына шилтеме берүү менен АЗЕРТАЖ жазды.

Кытай электромобилдерди өндүрүү жана сатуу боюнча дүйнөлүк лидер болуп саналат. Өлкө өкмөтү бул тармакты колдоо үчүн акыркы жыйырма жылда жүздөгөн миллиард доллар инвестиция салган. Анын жыйынтыгында, 2025-жылы Кытайда сатылган бардык унаалардын жарымынан көбүн электромобилдер түзгөн.

Өткөн айда жарыяланган спутниктик изилдөөлөргө ылайык, электромобилдер, гибриддер жана суутек менен иштеген унаалар кеңири жайылган 150 шаарда көмүртектин деңгээли 30%га, ал эми эң зыяндуу делген катуу бөлүкчөлөрдүн көлөмү 23%дан ашыкка азайган.

Окумуштуулар белгилегендей, транспортту электрлештирүү бардык экологиялык көйгөйлөрдү толук чечпесе да, ири шаарлардагы абанын сапатына жана калктын ден соолугуна оң таасирин тийгизе баштаганын далилдеди.

Белгилей кетсек, дүйнөдө абанын булганышы жыл сайын 4 миллиондон ашык адамдын өлүмүнө себеп болсо, анын төрттөн бир бөлүгү Кытайга туура келет. Мунун башкы себеби - зыяндуу газдарды бөлүп чыгарган салттуу күйүүчү май менен иштеген унаалар болуп саналат.