Кытайда 21 миллиондон ашык электр унааларын кубаттоо станциясы бар

Дүйнө Загрузка... 24 Март 2026 12:12
WhatsApp Image 2026-03-24 at 08.49.14.jpeg
copyright icon WWW

Мээрим Дүйшөналиева

Бардык материалдар

Бишкек, 24.03.26. /Кабар/. Кытайда электромобилдерди заряддоочу каражаттардын саны 21 миллиондон ашып, жылдык эсепте 47,8%га өскөн. Бул тууралуу Кытайдын Энергетика иштери боюнча мамлекеттик башкармалыгы жарыялаган маалыматка таянып, Казинформ жазды.

Жогоруда айтылган түзүлүштөрдүн ичинен 4,834 миллиону коомдук колдонуудагы объекттер болуп, бул көрсөткүч жылдык эсепте 28,8%га көбөйгөн.

Өткөн айдын аягына карата жеке заряддоо түзүлүштөрүнүн саны 16,176 млн бирдикти түзүп, жылдык өсүш 54,6%ды түзгөн. Бул калктуу конуштарда мындай заряддоочу жабдууларга болгон суроо-талаптын олуттуу жогорулаганын көрсөтөт.

Кытай автоөндүрүүчүлөр ассоциациясынын маалыматына ылайык, 2025-жылы жаңы энергия булактарына негизделген транспорт каражаттарын өндүрүү өлкөдө тездик менен өскөн: өндүрүш 16,626 млн, ал эми сатуу 16,49 млн бирдикти түзгөн.

2025-жылдын октябрь айында Кытай өлкөдө электр унаалары үчүн заряддоо инфраструктурасын жакшыртуу боюнча үч жылдык иш-аракеттер планын жарыялаган. Бул планга ылайык, 2027-жылдын аягына чейин жалпы кубаттуулугу 300 млн кВттан ашкан 28 млн заряддоо түзүлүшүн камтыган улуттук тармак түзүү максаты коюлган.