Кытайда дүйнөдөгү алгачкы 6 тонналык конвертоплан сыноодон өттү

Дүйнө Загрузка... 29 Декабрь 2025 09:30
226cf144-b6b2-42e0-9b21-d2ec3938128c.jpeg

Назира Кенжебекова

Бардык материалдар

Бишкек, 29.12.25 /Кабар/. Кытайдын Сычуань провинциясында салмагы 6 тонна болгон дүйнөдөгү алгачкы конвертоплан (тик учак менен учактын айкалышы) сыноодон ийгиликтүү өттү. Бул тууралуу Интерфакс кабарлайт.

Анда белгиленгендей, Lanying R6000 үлгүсүндөгү конвертопланды China’s United Aircraft компаниясы иштеп чыккан.

Аппараттын крейсердик ылдамдыгы саатына 550 чакырымды түзсө, учуу аралыгы 4 миң чакырымга чейин жетет. Бул көрсөткүч кадимки тик учактарга караганда төрт эсеге көп.

Конвертоплан 7620 метр бийиктикке чейин көтөрүлө алат. Ал жетүүгө кыйын болгон тоолуу аймактарга, деңиз үстүнө жүк ташууга жана каттамдар үчүн да колдонулушу мүмкүн. Мындан тышкары, ал медициналык тез жардам көрсөтүүдө, куткаруу иштеринде, өрт өчүрүүдө, патрулдук кызматта жана башка багыттарда да пайдаланылат.