Бишкек, 08.07.26. /Кабар/. Туризмди өнүктүрүүнүн жаңы беш жылдык планына ылайык, Кытай 2030-жылга чейин жылына 190 млн чет өлкөлүк туристти тартууну пландаштырууда. Бул тууралуу Синьхуа агенттиги билдирди.
Маалыматта белгиленгендей, бул көрсөткүч өлкөдө ички керектөөнү стимулдаштыруу жана эл аралык алмашууну тереңдетүү максатында сырттан келген туристтердин агымын көбөйтүү аракеттери күчөтүлгөндүгүнөн кабар берет.
Кытайдын Мамлекеттик кеңеши тарабынан бекитилген документте 2030-жылга чейин Кытайга келген чет өлкөлүк туристтердин жылдык чыгымдары 150 млрд доллардан ашат деп каралган. Ошондой эле анда туристтик кызмат көрсөтүүлөрдүн сапатын жогорулатуу жана кытайлык туризм индустриясынын дүйнөлүк деңгээлдеги ордун чыңдоо зарылдыгы белгиленген.