Кытай Улуу Британия жана Канада жарандары үчүн визасыз режим киргизди

Дүйнө Загрузка... 17 Февраль 2026 09:00
101a5daf-c374-40b0-aafb-367d517e169e.jpeg
copyright icon WWW

Назира Кенжебекова

Бардык материалдар

Бишкек, 17.02.26 /Кабар/. Кытай Улуу Британия жана Канада жарандары үчүн визасыз режим киргизди. Жаңы визасыз саясат 17-февралдан тарта күчүнө кирип, 2026-жылдын 31-декабрына чейин күчүндө болот. Бул тууралуу Kazinform билдирет.

Маалыматта белгиленгендей, аталган резим Улуу Британия жана Канада өлкөлөрүнүн кадимки паспорт ээлерине тиешелүү болуп, алар Кытайда 30 күнгө чейин визасыз жүрө алышат. Бул мүмкүнчүлүк иш сапарларына, туризмге, туугандарды барууга жана транзитке берилет.

Демилгенин башталышы Кытайда кеңири белгиленген Ай календары боюнча Жаңы жыл - Жаз майрамы менен дал келип, бул маалда өлкө ичинде жана сыртында массалык сапарлар, үй-бүлөлүк жолугушуулар өтөт.

Бул чечим чет элдик жарандардын Кытайдагы иш-чараларга катышуусун жеңилдетүүгө, ошондой эле туризмди жана ишкердик сапарларды жандандырууга багытталган.

Буга чейин аталган өлкө 40тан ашуун мамлекеттин жарандары үчүн бир тараптуу визасыз режимдин мөөнөтүн 2026-жылдын аягына чейин узартканы кабарланган.