Бишкек, 26.06.26. /Кабар/. Бишкек шаарында өтүп жаткан Шанхай кызматташтык уюмунун аялдар форумунда аялдардын коомдук-экономикалык турмушка катышуусун кеңейтүүнүн жаңы мүмкүнчүлүктөрү талкууланды.
Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигинен билдиришкендей, жыйында Кытай аялдарынын Бүткүл кытайлык федерациясынын эл аралык байланыштар департаментинин министри Чжан Цзяньминь баяндама жасады. Ал уюмдун алкагында аялдардын потенциалын өнүктүрүү мамлекеттер ортосундагы өз ара аракеттенүүнү бекемдөөнүн маанилүү багыты экенин баса белгиледи.
"Бүгүнкү күндө аялдар Кытай экономикасында эмгектенгендердин 40 пайыздан ашыгын, ал эми илимий-техникалык кызматкерлердин 45,8 пайызын түзөт. Өлкөдө аялдарды технологиялык тармактарда колдоого өзгөчө көңүл бурулуп, миңдеген аялдар жасалма интеллект жана санариптик инструменттер боюнча атайын даярдыктан өтүүдө", — деди ал.
Ошондой эле ал аялдардын ишкердигин өнүктүрүү үчүн жеңилдетилген насыялар, салыктык жеңилдиктер жана бизнести колдоо механизмдери түзүлгөнүн белгиледи. Жашыл экономика, айылдык ишкердик, кол өнөрчүлүк жана экологиялык долбоорлордо аялдардын катышуусу жигердүү колдоого алынат.
"Жыйынтыгында Чжан Цзяньминь кытай тарап ШКУга мүчө өлкөлөр, анын ичинде Кыргызстан менен аялдардын мүмкүнчүлүктөрүн кеңейтүү үчүн биргелешкен окутуу программаларын ишке ашырууга жана тажрыйба алмашууну тереңдетүүгө даяр экендигин билдирди"— деп айтылат маалыматта.