Бишкек, 14.10.26. /Кабар/. Жалал-Абад облусунун Тогуз-Торо району ири транспорттук борборго айлануу мүмкүнчүлүгүнө ээ. Бул тууралуу президенттин Жалал-Абад облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Тилек Текебаев “Кабар” подкастта билдирди.
Анын айтымында, мурда СССР учурунда Тогуз-Торо району, жалпы эле Кыргызстан туюк аймак катары эсептелип келген. Эми Кытай–Кыргызстан–Өзбекстан темир жолу ишке кирсе, район маанилүү транспорттук түйүнгө айланышы мүмкүн.
“Кытай–Кыргызстан–Өзбекстан темир жолу ачылса, район борбордук түйүндөрдүн бири болот. Казармандын да келечеги ушундай болот деп турабыз”, — деди Текебаев.
Ошондой эле ал Түндүк–Түштүк альтернативдик унаа жолунун Тогуз-Торо району аркылуу өтүшү жана аймакта ГЭСтер каскадынын курулушу райондун стратегиялык маанисин арттырып жатканын белгиледи.