Кытай - Кыргызстан - Өзбекстан темир жолу ишке кирсе, Монголия менен байланыш чыңдалат - Бексултанов

Экономика Загрузка... 22 Июль 2025 12:00
{{item.title }}
{{item.title }}
Next
Previous
Next
Previous

Чолпон Жумалиева

Бардык материалдар

Бишкек, 22.07.25. /Кабар/. Кытай - Кыргызстан - Өзбекстан темир жол долбоору ишке ашса, Монголия менен экономикалык алакаларды кеңейтүүгө да мүмкүнчүлүк түзүлөт. Бул тууралуу экономика илимдеринин доктору, профессор Азисбек Бексултанов “Биринчи радионун” түз эфиринде билдирди.

Анын айтымында, Монголия Кытай жана Россия менен чектешкендиктен, биз эки тарап менен тең байланышып, экономикалык алакаларды түзүү менен ар тараптан иш алып барсак болот.

“Жүн, тери иштетип сатуу боюнча Монголиянын тажрыйбасы чоң болгондуктан, биз алардан тажрыйба алышыбыз керек. Мисалы, жүн, тери иштетүү тармагын биздин ишкерлер жаңыдан колго алып келе жатышат. Эми ишкерлерибиз монгол ишкерлеринен бул тармак боюнча тажрыйба алып, пайдалуу жактарын өздөштүрсө. Ал эми монголиялык ишкерлер бизде өнүгүп жаткан тармактарды үйрөнүп кетишсе болот. Президенттердин жолугушуусунан кийин эки өлкөнүн ишкерлери биргеликте экономикабызга, экологиябызга пайдалуу иш алып барышса жакшы болот. Негизи Монголия менен биздин айыл чарба тармагыбыз абдан окшош болгондуктан, чоң мүмкүнчүлүктөр бар”, - деди Бексултанов.

Окумуштуу белгилегендей, бардык өлкөлөр сыяктуу Монголия да башынан ар кандай экономикалык кыйынчылыктарды өткөрүп келсе, акыркы жылдары өсүүлөр болууда.

“Акыркы 30 жылдын аралыгында Монголияда экономикалык жактан артка кетүүлөр болду. 2024-жыл мурунку жылдарга салыштырганда экономикасы 5 пайызга өскөн десек болот. Ушул жарым жылдыкта 2,5 пайызга өсүүлөр болгон. Монголияга Кытай, Россия тараптан ири инвестициялар тартылууда. Негизинен курулуш материалдарын, жер-жемиштерди импорттоп алышып, кайра жүн, эт экспорттоп келишет”,- деди ал.

Ал Кыргызстан менен Монголиянын мындан аркы стратегиялык багыттары, иш алып баруулары боюнча кол коюлган протоколдордун көбүн биздин өкмөт ишке ашырышы керектигин кошумчалады.