Кытай-Кыргызстан-Өзбекстан темир жолу Европага жүк ташууну тездетип, транспорттук чыгымдарды азайтат

Экономика 993 05 Февраль 2025 11:15
476367794_925032306505272_3527157393816673530_n.original.jpg
476184904_925032233171946_4800384639124589011_n.original.jpg
475919030_925032453171924_5016615648173643130_n.original.jpg
475891918_925032633171906_3030083230149536286_n.original.jpg
Алдыга
Артка
476367794_925032306505272_3527157393816673530_n.original.jpg
476184904_925032233171946_4800384639124589011_n.original.jpg
475919030_925032453171924_5016615648173643130_n.original.jpg
475891918_925032633171906_3030083230149536286_n.original.jpg
Алдыга
Артка
copyright icon Султан Досалиев

Бишкек, 05.02.25. /Кабар/. Кытай-Кыргызстан-Өзбекстан темир жолун куруу долбоору Евразиядагы транспорттук инфраструктураны өнүктүрүүгө багытталган маанилүү стратегиялык демилге болуп саналат.

«Кыргыз темир жолу» УК» мамлекеттик ишканасынын маалыматы боюнча, бул темир жол коридору Кытайдан Жакынкы Чыгышка жана Европага жүк ташууну тездетет, ошондой эле транспорттук чыгымдарды азайтат.

Торугарт – Арпа – Кош-Дөбө – Макмал – Жалал-Абад каттамы жүктөрдү жеткирүү мөөнөтүн 7–8 күнгө кыскартып, аралыкты 900 чакырымга кыскартат. Кыргызстандын ичиндеги темир жол тилкесинин жалпы узундугу 304,94 чакырымды түзөт. Маршрут 20 станцияны, 42 көпүрөнү жана 25 тоннель курууну камтыйт.

Эске салсак, 2024-жылдын 28-сентябрында «Кытай-Кыргызстан-Өзбекстан темир жолу» ЖЧКсынын расмий ачылышы болуп өткөн. Компания Кыргызстандын, Кытайдын жана Өзбекстандын темир жол администрациялары тарабынан (куруу-иштетүү-өткөрүп берүү) моделинин негизинде долбоорду ишке ашыруу үчүн түзүлгөн.

Ал эми 2024-жылдын 20-декабрында «Ынтымак-Ордонун» имаратында министрлер кабинети менен «Кытай-Кыргызстан-Өзбекстан темир жолу» ЖЧКсынын ортосундагы инвестициялык макулдашууга кол коюу аземи болгон.

Муну менен катар, президент Садыр Жапаров 2024-жылдын 27-декабрында Кытай-Кыргызстан-Өзбекстан темир жолунун курулушуна старт берген.

Долбоор Борбор Азия өлкөлөрүнүн интеграциясын бекемдеп, Кыргызстандын эл аралык транспорттук хаб катары өнүгүшүнө зор салым кошот.