Бишкек, 25.03.26 /Кабар/. Кытайдын Ханчжоу шаарында Westlake Robotics компаниясы Titan o1 аттуу жаңы муундагы адам сымал роботту коомчулукка сунуштады. Бул тууралуу Синьхуа агенттиги кабарлады.
Жаңы технологиянын негизги өзгөчөлүгү — ал компания тарабынан иштелип чыккан General Action Expert жасалма интеллект модели менен жабдылган. Бул система роботко адамдын кыймыл-аракетин реалдуу убакыт режиминде, миллисекунддардын ичинде өтө так кайталоого мүмкүндүк берет.
Таанытым учурунда атайын костюм кийген оператор кол булгап, бурулуп жана топ тепкен. Titan o1 роботу бул аракеттердин баарын, анын ичинде кадамдын узундугун жана дененин бурулуу бурчун оператордун ыргагына толук шайкеш келтирип аткарып берди.
Адистердин айтымында, GAE модели адамдын мээсинин кыймыл-аракетти башкаруучу бөлүгү сыяктуу иштейт. Ал роботтун тең салмактуулугун сактап, кыймылдардын табигый болушун камсыз кылат.
Westlake Robotics компаниясынын негиздөөчүсү Ван Дунлин белгилегендей, бул технология бир эле учурда ондогон роботторду бир оператор аркылуу башкарууга жол ачат. Ошондой эле система ар кандай типтеги жана көлөмдөгү роботторго оңой ыңгайлашат. Бул келечекте роботторду татаал өндүрүштө жана кооптуу жумуштарда кеңири колдонууга шарт түзөт.