Бишкек, 30.06.26. /Кабар/. Кытай бийлиги билим берүүнүн бардык деңгээлдеринде – башталгыч мектептен тартып жогорку окуу жайларына чейин жасалма интеллектти (ЖИ) милдеттүү түрдө окутууну караган беш жылдык планды бекитти. Бул тууралуу АЗЕРТАЖ Bloomberg агенттигине шилтеме берүү менен билдирди.
Жаңы стратегия инновациялык экономиканы өнүктүрүүгө жана заманбап технологияларды натыйжалуу колдоно билген адистерди даярдоого багытталган.
Документке ылайык, жасалма интеллектти окутуу кошумча курс катары калбастан, негизги окуу программаларына интеграцияланат. Реформанын башкы максаты — окуучулар менен студенттерде санариптик технологиялар менен иштөөнүн практикалык көндүмдөрүн калыптандыруу.
"Бул кадам улуттук экономиканын атаандаштыкка жөндөмдүүлүгүн жогорулатуунун негизги фактору катары каралууда. Буга чейин Кытай жасалма интеллектти өнөр жай, саламаттык сактоо жана транспортко киргизүүгө жигердүү инвестиция салып келсе, эми кадрларды системалуу түрдө даярдоого басым жасамакчы", — деп айтылат маалыматта.
Эксперттердин пикиринде, бул реформа эмгек рыногунда суроо-талапка ээ боло турган адистерди даярдоого жол ачат.