Кытай Антарктидада музду бургулоо боюнча дүйнөлүк рекорд жасады

Дүйнө Загрузка... 09 Апрель 2026 09:10
537721da-0f99-49f9-9df5-ffb58d104d19.jpeg

Назира Кенжебекова

Бардык материалдар

Бишкек, 09.04.26 /Кабар/. Кытайдын 42-Антарктикалык экспедициясы жаңы дүйнөлүк рекорд жасап, муз катмарын 3 413 метр тереңдикке чейин бургулоого жетишти. Бул тууралуу Kazinform кабарлады.

Маалыматта белгиленгендей, илимий иштер Елизавета ханбийкенин жериндеги Цилинь аттуу муз алдындагы көлдүн аймагында, Кытайдын “Тайшань” станциясынан 120 чакырым алыстыкта жүргүзүлгөн. Буга чейинки эл аралык рекорд 2 540 метр болгон.

Экспедициянын алкагында Кытай биринчи жолу ысык суу менен бургулоо технологиясын колдонду. Бул ыкма муздун ичинен стерилдүү канал түзүүгө мүмкүндүк берип, байыркы климаттын өзгөрүүлөрүн изилдөөгө жана экосистемага зыян келтирбестен өзгөчө жашоо формаларын табууга шарт түзөт.

Кытайдын бул жетишкендиги Антарктиданын муз катмарынын 90% аймагында жана Арктикада жогорку технологиялуу изилдөөлөрдү жүргүзө аларын көрсөттү. Бул анын полярдык изилдөөлөрдөгү лидерлик позициясын бекемдөөгө багытталган маанилүү кадамы болуп саналат.

Буга чейин Кытай терең деңиз изилдөөлөрү үчүн калкып жүрүүчү “арал” куруп жатканы да маалымдалган.