Кытай 2025-жылы дүйнөдөгү эң ири кеме куруучу бойдон калды

Дүйнө 3 февраль 2026 09:00
Кытай 2025-жылы дүйнөдөгү эң ири кеме куруучу бойдон калды

Мээрим Дүйшөналиева

Бардык материалдар

Бишкек, 03.02.26. /Кабар/. Кытайдын кеме куруу тармагы 2025-жылы дүйнөлүк деңгээлде алдыңкы позициясын сактап калды. Бул тууралуу Синьхуа агенттиги өлкөнүн Өнөр жай жана маалымат технологиялары министрлигине шилтеме берип билдиргенин, Интерфакс жазды.

Маалыматка ылайык, өткөн жылы өлкө жалпы салмагы 53,69 млн тонна болгон кемелерди куруп бүтүргөн (11,4% өскөн). Бул дүйнө жүзү боюнча курулган бардык кемелердин 56,1% түзөт.

Кытайдагы жаңы кеме куруу буюртмалары жалпы салмагы 107,82 млн тонна болуп, бул дүйнө жүзү боюнча бардык жаңы буюртманын 69%ын түзөт.

Декабрь айынын аягында кытайлык кеме куруучулардын жалпы буюртмасы 274,4 млн тоннага жеткен (31,5% өскөн). Бул көрсөткүч боюнча Кытай дүйнөлүк жалпы көлөмдүн 66,8% түзгөн.