Кышы-жайы дебей иштей турган "Ала-Тоо Резорт" тоо-лыжа курортунун курулушу кайсы этапта?

Туризм Загрузка... 23 Март 2026 16:16
651007091_122165939126633318_1413834353645730473_n.jpg
copyright icon Ала-Тоо Резорт ААК

Мээрим Дүйшөналиева

Бардык материалдар

“Ала-Тоо Резорт” тоо-лыжа курорту Борбор Азиядагы эң ири курорттордун катарын толуктамакчы. Анда трассанын узундугу 250 чакырымга жетет. Жыл сайын эс алуу аймагына 2 млн турист келет деп болжолдонууда. 4600дөн ашык жумуш орду түзүлөт. Ысык-Көлдүн Ак-Суу районундагы Хан-Теңири айыл аймагынан “Ала-Тоо Резорт” комплексин куруу үчүн 2024-жылы 3916 гектар жер мөөнөтсүз пайдаланууга берилген.

Мамлекеттик маанидеги ири долбоорду ишке ашыруу иштери кайсы этапка келди? Бул жана башка суроолорго "Ала-Тоо Резорт" ААКтын башкармалыгынын төрагасы Жаркынбек Максүтов "Кабар" агенттигине берген маегинде жооп берди.

WhatsApp Image 2026-03-23 at 12.24.41

“Ала-Тоо Резорт” тоо-лыжа курортун куруу боюнча биринчи аукцион былтыр июль айында өткөн эле. Анда 14 лоттун канчасын жергиликтүү ишкерлер, канчасын чет элдик инвесторлор сатып алды?

— “Ала-Тоо Резорт” долбоорунун алкагында "Жыргалаң" шаарчасын куруу боюнча 15–18-июль күндөрү аукцион өткөн. Анда жалпы 49 лоттун ичинен 14ү сатылган. Сатылган жерлердин жалпы аянты 21 миң 537 чарчы метрди түзүп, баасы 472 млн 589 миң 298 сом деп бааланган болчу. 14 лоттун бардыгын кыргызстандык ишкерлер сатып алган.

573569283_122153343314633318_863427044861843379_n

— Жер тилкелеринде алар курулуш иштерин башташты беле?

Бүгүнкү күндө жер тилкелеринде имараттардын котловандарында иштер башталган. Ал жакта жети ай кыш болгондуктан, курулуш иштери убактылуу токтотулган. Мен кечээ ишкерлер менен сүйлөштүм, апрель айында иштерди кайра жандандырганы жатышат.

649705874_122165780684633318_645146270891199464_n (1)

— Асма аркан жолун куруу иштеринин жүрүшү тууралуу айта кетсеңиз. Азыр иштер кайсы этапка келди?

Дүйнө жүзүндө асма аркан жолду куруу боюнча биринчи орунда турган австриялык Doppelmayr компаниясы асма аркан жолдорду куруп жатат. Келишимге ылайык, үстүбүздөгү жылдын май айында 4 чакырымдык асма аркан жолду бүтүрүп беришет. Февраль айында биз аталган компания менен дагы бир келишимге кол койдук. Ага ылайык, 4 чакырымга созулган асма аркан жолду декабрь айына чейин бүткөрүшөт. Ошентип, биз “Жыргалаң” шаарчасынын биринчи этабын декабрь айында бүткөрүүнү пландап жатабыз. Азыр 4 чакырым асма жол дээрлик бүтүп калды. Техникалык жактан сыноо жүргүздүк. Бир ай бою асма аркан жол иштеп турушу керек. Май айында бизге толугу менен өткөрүп беришет. Жалпысынан 6 асма аркан жол курулуп бүтөт.

— Экинчи аукционго канча лот коюлууда?

"Ала-Тоо Резорт" ачык акционердик коому аукциондун экинчи этабын жарыялады. Онлайн аукцион 8–10-апрелде өтөт. Анда аукциондун биринчи этабынан калган 36 лот коюлат. Жер тилкелеринин аянты 400 чарчы метрден 6 миң чарчы метрге чейин жетет. Аукциондо сатып алынган жер тилкелери кыргыз жарандарына менчикке өткөрүлүп, кызыл китеп берилет. Ал эми чет элдик инвесторлорго 49 жылга ижарага берилет.

— Асма аркан жолундагы кабиналарды токтоочу жайында курулуш иштери кандай жүрүүдө?

Ар бир станцияда асма аркан жолдун кабиналарын токтоочу жай курулат. Иш убактысы аяктаганда, катуу шамал болгондо, тазалоо иштери маалында кабиналар паркингге киргизилет. Учурда эки паркинг курулуп бүтүп калды. Дагы 4 паркинг курулат.

520172332_122142220040633318_3514592042182264615_n

— Декабрь айында "Жыргалаң" шаарчасында мейманканалар, эс алуу жайларынын саны канчага жетип калат?

Башкы планга ылайык, бир кабаттуу жыгач үйлөр, боз үй тибиндеги үйлөр курулат. Жалпысынан этоношаарчада 105 бир кабаттуу үй түшөт. Мындан тышкары, 7 эки кабаттуу жыгач үй да салынат. Ошондой эле унаа токтоочу жайлар, лыжаларды ижарага берүүчү жайларга окшогон объекттердин курулушу бүткөрүлөт. Чоң объекттердин курулушу келишимге ылайык, 3 жылдын ичинде куруп бүтүшү зарыл.

Жыргалаң шаарчасына барчу жол салындыбы?

Каракол шаарынан "Жыргалаң" шаарчасына чейинки аралык 65 чакырымды түзөт. Анын 14 чакырымы таштак жол, калган бөлүгүндө эски асфальт жол бар. Аны президенттин тапшырмасына ылайык, бүгүнкү күндө төрт тилкелүү кылып кеңейтүү иштери башталды.

"Жыргалаң" шаарчасы эс алуучуларды кабыл ала баштаганда канча жумуш орду түзүлөт?

"Жыргалаң" шаарчасы боюнча 4 200 иш орду түзүлөт. Биз азыр этап-этабы менен талапкерлерди кабыл алып жатабыз. Буга чейин 20 ратрак айдаган кызматкерди Алтайда атайын окутуудан өткөрдүк. Эртең-бүрсүгүнү Караколдо асма аркан жолун тейлей турган 20 адисти кабыл алуу үчүн атайын түзүлгөн комиссия тандоо иштерин жүргүзөт.

596479789_122156920556633318_7576860399652442472_n

“Ала-Тоо Резорт” тоо-лыжа курорту үч шаарчадан турат эмеспи. Ак-Булак менен Боз-Учукта иштер качан башталганы турат?

"Жыргалаң" шаарчасына удаа эле Ак-Булак менен Боз-Учук тоо-лыжа курортторун куруу башталат. Быйыл Ак-Булакты долбоорлоо ишин баштайбыз. Лотторду аныктайбыз, кийинки жылы аукциондорду өткөрөбүз.